Касымалиев жумушчу сапары менен Кытайга барды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумушчу сапары менен Кытай Эл Республикасынын Ханчжоу шаарына келди.
Сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, ошондой эле бир катар компаниялардын жана уюмдардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт. Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнө катышып, иш-чаранын ачылыш аземинин алкагында сөз сүйлөйт.