Кыргызстанда паспорттор жаңы үлгүдө чыгарыла баштады. Анын себеби мамлекеттик туунун өзгөрүшүнө байланыштуу. Документтерди ата мекендик уюм «Учкун» ААКсы даярдайт. Бул тууралуу кечээ, 3-ноябрда Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы паспортторду, айдоочулук күбөлүктөрдү жана мамлекеттик номурларды тапшыруу аземинде билдирди.
Жаңы паспорттордо 30дан ашык коргоо элементтери бар. Мындан сырткары ар бир виза барагында Кыргызстандын бардык аймактарынын тарыхый жана маданий символдору – Манастын элеси, Ынтымак Ордо резиденциясы, Хан-Теңири чокусу, Айгүл гүлү, Таш-Рабат жана башкалар чагылдырылган. Булардын баары коопсуздук элементтери катары кызмат кылат.
Каныбек Туманбаевдин айтымында, жаңы паспорт эң жогорку деңгээлдеги коопсуздукту сунуштап, жасалма жасоого болбойт. Анын мукабасы да жаңыланды.
Кошумчалай кетсек, мурда берилген паспорттор мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу.











