Тынайбек Сансызбаев Токмок шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Кечээ, 9-августта Токмок шаардык кеңешинин жаңы депутаттары биринчи жыйынга чогулушту. Жыйынга 31 депутат катышты. Чогулушту депутаттардын эң улуусу Сулайман Ложаров ачкан.
Шаардык кеңештин төрагалыгына 2 талапкер сунушталган — Мирбек Иманалиев («Эмгек») жана Тынайбек Сансызбаев («Эл биримдиги»). Жыйынтыгында Сансызбаев депутаттардын 18 добушуна ээ болуп, төрага болуп шайланган.
Токмок шаардык кеңешине 5 партия шайланган.
Алар:
— «Бирге-Вместе» (9 мандат);
— «Эмгек» (8 мандат);
— «Асыл Мурас-Жаштар» (5 мандат);
— «Патриот Ынтымагы» (5 мандат);
— «Эл биримдиги» (4 мандат).