Борбор калаанын төрт районунда түнкү тынчтыкты сактоо боюнча профилактикалык рейддер жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Рейддерге вице-мэрлер Виктория Мозгачева, Азамат Кадыров, Нургазы Курманбеков жана мэрия аппаратынын жетекчиси Ильяс Колопов катышты.
Тургундардан даттануулар түшкөн түнкү клубдар жана көңүл ачуу жайлары текшерилди. Алар:
- «Арзу»
- «Бархат»
- «Солист»
- «Шансон»
- «Скай Баку»
- Season
- «Бохо»
Мекеме ээлери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, мыйзамдын талаптары түшүндүрүлдү.
«Кочевник», My Shisha жана Season аттуу жайларга 84 миң сомго протокол түзүлгөн.
Муниципалитет эскертет:
-
Жумуш күндөрү тынчтык саат 22:00дөн 07:00гө чейин сакталууга тийиш;
-
Ишемби, жекшемби жана майрам күндөрү — саат 22:00дөн 09:00гө чейин.
Мындай рейддер мындан ары да улантылат.







