Кечээ, 24-июлда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Балыкчы−Казарман–Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун Арал–Казарман тилкесине таштар түшүп, унаа жол убактылуу жабылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администирация башчысынын орун басары жетектеген Жарандык коргонуу комиссиясы, №46 өрт-куткаруу бөлүгүнөн ыкчам топ, №18 жол тейлөө ишканасынан 5 кызматкер, 2 самосвал, 2 жүктөгүч, 1 грейдер, ИИМден 2 экипаж тартылып, натыйжада 5000 метр куб кум шагыл тазаланган.
Ал эми унаа жолдун 296-чакырымында жана Сузак районунун Жоон-Күнгөй айылдарында постор уюштурулган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram











