Бүгүн, 24-июлда болжол менен саат 12:00дө Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 280–281-чакырым аралыгында тоо бетинен ири көлөмдөгү таш көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Аталган тилкеде кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасына караштуу №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалары тартылды. Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүп жатат. Таш көчкүнүн көлөмү такталууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram











