Түптө чолок шым кийген кыздарды сөккөн 2 кишинин иши сотко өттү. Бул тууралуу журналисттерге Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Милициядан билдиришкендей, материалдар сотко өткөрүлгөн. Аларга 5,5 миң сом айып пул салынып, 40 саат коомдук жумуштарга тартылышы мүмкүн. Айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна алып, мас абалында болгонун билдирген.
17-июлда социалдык тармактарда Түптө чолок шымчан кыздарды мас эки эркек урушуп жаткан видео тараган.