Бүгүн, 8-июлда болжол менен саат 13:10до Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Балбай жана Түп айыл аймактарында кыска убакыттын ичинде катуу нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Түп айыл аймагына караштуу Шаты айылында кокту-колоттон келген суулар арыкка батпай, көпүрөдөн ташып, көчөлөрдү каптаган. Жеринде айыл өкмөттөн 2 экскаватор, 1 хово, 1 жүктөгүч тартылып, иш алып барууда.
Балбай айыл аймагына караштуу Күрмөнтү айылында көпүрөгө суу батпай жолду каптаганына байланыштуу жеринде 3 экскаватор, 1 жүктөгүч тартылган.
Ак-Булуң айылындагы Фрунзе көчөсүндөгү бир үйдүн короо жайын суу каптап, жеринде 2 экскаватор, 1жүктөгүч иш алып барууда. Азыркы учурда ички чарбалык арыктардын нугу тазаланууда. Түп районунда абал туруктуу. Жамгыр себелеп жатат.











