Түркияда болуп жаткан нааразычылык акцияларына байланыштуу Тышкы иштер министрлиги учурда Түркия аймагында жүргөн жарандарыбызды өзгөчө этият болууга жана адамдар көп чогулган жерлерден алыс болууга чакырды.
«Коопсуздукту камсыз кылуу максатында, жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так сактоону жана эч кандай массалык иш-чараларга катышпоону өтүнөбүз»,- деп айтылат маалыматта.
Өзгөчө кырдаал жаралган учурда, төмөнкү байланыш номурлары аркылуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө токтоосуз кайрылууну суранабыз:
- Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчилиги (Анкара): +90-312-491-35-06 +90-312-491-35-07;
- Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу: +90-212-235-67-67; +90-535-107-72-12;
- Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу: +90-546-557-04-71;
- Кыргыз Республикасынын ТИМинин Консулдук департаменти: +996-312-660-811, +996-999-312-002.