Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары “Маариф” эл аралык билим берүү мекемесинин Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияга кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын жазышкан. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.
Маалыматка караганда, Кыргыз жараны Түркияга математика боюнча эл аралык олимпиаданын 2-туруна катышуу үчүн окуучуларды коштоп жүргөн.
«Бул маселе министрликтин жана Кыргыз Республикасынын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө. Кармалган Кыргыз жаранынын жакын туугандары менен үзгүлтүксүз байланыш түзүлүп турат. Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу Түркиянын компетенттүү органдары менен Кыргыз жаранына жардам көрсөтүү боюнча иш алып барууда, кармоонун жагдайларын жана себептерин тактоо боюнча зарыл иштер жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.