25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде Баку — Грозный каттамы боюнча учкан учак кулап түшкөн. Аварияга кабылган учактын ичинде жалпы 67 адам болгон. Бул видеодо биз кырсыкта аман калган кыргызстандык Тилек Осмонов жана анын жакыны менен окуя тууралуу сүйлөштүк.
«Азыр абалым жакшы. Казакстандын Актау деген жериндебиз. Дарыгерлер жакшы карап жатышат. Учактагы кызматкерлер жакшы иштегени үчүн учактын жарымы аман калды деп ойлойм. Дүрбөлөң болду. Көп нерсени сүрөттөп бере албай калат экенсин. Сүрөттөп берүү оор. Нес абалда болгондо ооруган жер сезилбейт экен, азыр ооруган жерлерим сезилип жатат. Кыргызстандын 3 жараны болчубуз. Азыр бирөө реанимацияда. Ал эми экөөбүз басып жүрөбүз, палатадабыз. Эң биринчи ойго үй-бүлөм менен ата-энем келди. Кандай болот, эмне болот дедим. Учак кыйраганда үчөөбүз бири-бирибизди толуктап, ооруканага биринчи келдик. Казак бир туугандарга рахмат»,- деди ал.