Бүгүнкү күндө өлкө боюнча тергөө изоляторлорунун убактылуу кармоочу жайларында 2000ге жакын шектүү кармалып турат. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын башчысынын биринчи орун басары Кемел Садыков Жогорку Кеңеште билдирди.
Депутат Дастан Бекешев «Көпчүлүк имараттарыңар 1950-1960-жылдары курулган болушу керек, аларды жаңылоо пландарыңар барбы?» деп суроо узатты. «Буга чейин Жалал-Абад облусундагы убактылуу кармоочу жайды жаңы курдук. Ал жактагы шарттар бардык эл аралык стандарттарга туура келет. Бишкектеги СИЗО-1ди Ысык-Ата районуна ушул жылдын аягына чейин көчүрүүнү пландап жатабыз. Кезекте Каракол, Ош шаарларына жаңы имарат куруу турат», — деди ЖАМКтын башчысынын биринчи орун басары.
Мындан сырткары, эл өкүлү колонияларда жана тергөө абактарында жаткандардын калкты алдаган учурларына каршы күрөшүү чараларын сурады. Кемел Садыков бул олуттуу көйгөй экенин моюндап, күрөш жүрүп жатканын айтты.