"Үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөтөт" деген жарандын видеосу тарады
Социалдык тармактын колдонуучу "Ошто эркек киши үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөтүп келет" деп жазып, видео менен бөлүшкөн. Анда жаран баласын урушуп, "колуңду сындырам" деп коркутуп жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле аялы да алган жаракаттарын көрсөткөн. Бул боюнча Ош шаардык милициясы маалымат берип, текшерүү иштери башталганын билдирди. "Азыркы учурда тиешелүү кызматтарга окуяга тиешеси бар жарандарды тергөөгө камсыздоо боюнча тапшырмалар берилди",- деп жазылат маалыматта.