Президенттин иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинде кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жыйынга калкты каттоо мекемелеринин жетекчилиги, ошондой эле бардык райондук бөлүмдөрдүн башчылары катышты.
УКМК кызматкерлери иш- чаранын катышуучуларына коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр, тагыраагы коррупциялык кылмыштарды жасагандар үчүн күчөтүлгөн жоопкерчиликти түшүндүрүштү.
«Укук коргоо органдары, анын ичинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан коррупцияга каршы тынымсыз күрөш жүрүп жатканына карабастан, «ортомчулардын» жардамы менен «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин арасында коррупция күчөгөнү байкалууда»,— деп айтылат маалыматта.