УКМК Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Ал буга чейин Жогорку Кеңеште «Мегаком» компаниясынын мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангуловдун ишинин токтотулганына прокуратурадагы коррупция орун алганын билдирген.
«Вице-спикер, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев менен «Мегакомдун» мурдагы жетекчисинин катышуусунда жүргүзүлгөн иликтөө андай эмес экенин көрсөттү. Сыдыгалиев өзү да анын айткандарын тастыктай турган фактылары жок экенин мойнуна алды. Сыдыгалиевдин сөздөрү чындыкка дал келбейт жана чагымчыл мүнөзгө ээ, бул өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна, жарандардын бийликке ишенбөөчүлүккө алып келиши мүмкүн»,— деп айтылат маалыматта.