«Улуттук валютабыз тарыхта алгачкы жолу өзүбүздө басыла баштаганы тууралуу кабарды чоң канааттануу менен кабыл алдым. Мындан үч жыл мурда өзүбүздүн улуттук паспортторубуз чыгарыла баштаган эле. Бул жөн гана өндүрүштүк жетишкендик эмес – бул мамлекеттин чыныгы саясий жана экономикалык көз карандысыздыгын бекемдеген, улуттук коопсуздукту камсыз кылган стратегиялык чечим». Бул тууралуу УКМКнын мурдагы төрагасы, Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов соцтармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, мамлекеттик маанидеги документтерди жана баалуу кагаздарды (банкнот, паспорт, акциз марка жана башка корголгон продукцияларды) өлкө ичинде чыгаруу демилгеси Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден бери ар кандай деңгээлде көтөрүлүп келген.
«2014-жылы мен Өкмөттө иштеп жаткан атайын жумушчу топтун курамында бул маселени ар тараптуу изилдөөгө катышкам. Тилекке каршы, узак жылдар бою “паспорттук мафиянын” таасири өтө күчтүү болуп, бул багыттагы аракеттер ар кандай шылтоолор менен токтотулуп келген. Мурдагы өлкө жетекчилеринин саясий эрки жетишсиз болуп, мамлекет үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон бул чечим ишке ашпай келген. Натыйжада паспорттор, улуттук сомубуз жана башка маанилүү документтер чет өлкөлөрдө басылып, мамлекеттик бюджеттен ири каражаттар сыртка агып келген. Ал тургай кыргыз паспорту КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң кымбат паспорттордун бири болуп калган», — деп жазылат элчинин билдирүүсүндө.
УКМКнын мурдагы төрагасынын баамында коомчулукка “кыргыздар мындай жоопкерчиликтүү өндүрүштү өздөштүрө албайт”, “чакан өлкөгө мындай ишкананын кереги жок” деген пикирлер атайылап таңууланып келген.
«Чындыгында бул жүйөлөр улуттук кызыкчылыкты эмес, тар чөйрөнүн жеке кызыкчылыгын коргоого багытталган. Мен УКМКны жетектеп турган мезгилде банкнотторду жана корголгон документтерди Кыргызстанда чыгаруу боюнча иштерди жандандыруу аракеттери көрүлгөн. Дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүшчүлөрдүн катарына кирген швейцариялык KBA-NotaSys компаниясынын технологиялык линияларын лизингге алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бирок айрым жетекчилер, анын ичинде Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова бул демилгеге каршы позицияны карманышкан.
Кийинчерээк паспорт басуу боюнча кезектеги тендерде литва компаниясы Кыргызстан үчүн жагымсыз шарттарда жеңишке жеткени боюнча кылмыш иши козголгондо, Алина Шаикова жоопкерчиликтен качуу максатында KBA-NotaSys компаниясын тендерге кызыкдар болгон деген негизсиз жалааны мага жапкан. Чындыгында аталган компания паспорт чыгарбайт – паспорт чыгарууга арналган технологиялык жабдыктарды гана өндүрөт. Тергөө ачык жана объективдүү өтүшү үчүн мен кызматтан өз ыктыярым менен кеткем. “Паспорт мафиясынын” таасири ушунчалык күчтүү болгондуктан, УКМК төрагасын да кызматтан алып коюуга кудурети жеткен.










