Бүгүн, 12-декабрда Киевде кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 96 жылдыгы белгиленип жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов жазды.
Элчи Украинада кыргыздын улуу жазуучусунун бир да эстелик-айкели жок экендигине өкүнөөрүн, өлкөдөгү азыркы абалга карабастан, Киев шаарына залкар жазуучунун эстелигин орнотууга аракеттенип жатканын билдирет.
Айтматовдун бюстун Украинанын белгилүү скульптору Мыкола Зноба жасап жатат. Мындан сырткары, украин скульптору Чыңгыз Айтматовго жана “Манас” эпосунун башкы каармандарынын образдарына кызыгаарын бөлүшкөн.
«Буюрса, жаңы жылда Чыңгыз агайдын бюстун Киевдин борборуна орнотуп, салтанаттуу ачабыз. Андан кийин “Манас” эпосунун каармандарынын скульптураларын жасап, борбор шаардын мыкты жерлерине койгонго аракет көрөбүз», — деди элчи.