16-октябрда «Ужас Бишкека Аверсион» деп аталган топтун мессенжеринде коркутуулар жана чагымчыл мүнөздөгү сүрөттөр камтылган билдирүү жарыяланган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте скриншотто көрсөтүлгөн жарандын өздүгүн аныкташты. Ал Эне-Сай конушунун тургуну, жашы жете элек М.Н. болуп чыккан.
Өспүрүм ата-энесинин коштоосунда милиция бөлүмүнө жеткирилген. Сурамжылоодо ал буга чейин Telegram-каналында белгисиз адам менен жаңжалдашып, кийин анын эл аралык издөөдө жүргөн Овсюк Ярослав Михайлович экени белгилүү болгонун түшүндүргөн. Андан кийин анын дарегине “bishkekhorror” аттуу аккаунттан коркутуулар келип түшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында М.Н. коркунучтуу билдирүүлөрдүн таралышына тиешеси жок экени, ал эми бул билдирүүлөр чагымчыл мүнөздө болуп, башка колдонуучулар тарабынан өч алуу максатында жайгаштырылганы аныкталды.
Ата-энелерине карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренесине (ата-энелик милдеттерден качуу) ылайык протокол түзүлгөн.










