Буга чейин Улуттук Гвардияда жоокер сабалганы маалым болгон. Жабырлануучу 7-каналга маек берип, эки сержант сабаганын, ошондон кийин оң бөйрөгү менен жата албай калганын айтып берди.
«Кирип эле түз тургула дегенинен түз турдук. Мен сержантты карап жиберсем эле «Эмне түз тура албай жатасыңбы?» деди. Жок десем, керсейесиң го деди. Кийим сактоочу жерге киришим керектигин айтты. Эч нерсе ойдо жок эле кирип, жаттым. Төш жакка тепти. Денемди сезбей калдым. 2-3 жолу тепти да чыгып кет деди. Анан эле ооруй баштадым. Дааратканага барып, кан сийип жибердим. Ошол күнү тазалоо күнү эле. Мен балдарга ооруп жатканымды айтып, жардамдашып жүрдүм. Мен ал учурда сейф карачумун. Мага ачкыч бербе деген. Менде экенин билгенин айтып, сурады. Ачкычты алып келе жатсам эле, «Бери келчи» деди. Барсам бетке чапты. Көзүм караңгылады. Кетип бара жатсам көчүккө тепти. Анан полчанга айттым кан сийип жатам деп. Ал сени дарыгерге көрсөтүш керек деди. Көрүндүм. Эртеси келип жат деген. Эртеси Кой-Таштагы аскердик ооруканага бардык. 3 күн жаттым. Шишип кеткем. Ал жактан чыгарып кайра санитардык бөлүмгө бардык. Оң бөйрөк менен жата албайм, оорутат»,- деди жабырлануучу 7-каналга берген маегинде.
Дарыгер-нефролог Искендер Рыскулов жигит ооруканага суук тийип ооруп жатканын айтып, анализдери менен келгенин билдирген. «Тактап сураганда, эч ким урган эмес деген. Биз анализдерин тапшыртып жаткырганбыз. «Острый гломерулонефрит» деген диагноз коюлган. Дарылап баштаганбыз. Бейтаптын абалы жакшы болуп калган. 4 күндөн кийин сабалганын айтты. Урологго жиберилген. Абалы орто оордукта. Шишик жок. Заарасынын түсү өзгөрүлгөн жана бели ооруп жатканын айтып жатат»,- деди дарыгер.
«Табарсыгына кан толуп, тазаланганы чынбы?» деген журналисттердин суроосуна «Заарасы чыгып жатат. Андай жок», — деди дарыгер. «Гепарин деген дары сайылат, 2 маал. Денеси ошол үчүн көгөрүп калат», — дешти дарыгерлер.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги «мени төшкө тепкен» деген сержант Калыбек Карбаевдин атасы кайрылып, уулу аскердик кызмат өтөгөн соң, келишим менен иштеп жатканын, окуяны 10 күндөн кийин билгенин айтты. «Биз 40 миң сом дарыланууга бергенбиз. 100 миң сом кенемте, 3 жыл баланын бөйрөгүн дарылатасыңар, аскердик кызмат өтөөсүн бүтүрүп бересиңер» деди. Биз макул болгонбуз. Анан кол койгону келгенде 100 миң сом аз, 760 миң сом бересиңер, дарылатасыңар, бөйрөк алмаштыруу керек болсо, 80 миң доллар экен, аны да төлөйсүңөр деди. Биздин анча акча жок. Макул болбой койгондо соттошолу дедик», — деди ал.
Коргоо министрлигине кайрылганыбызда, аталган факты боюнча Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын командачылыгы алдын ала кызматтык иликтөө жүргүзүп, тергөөнүн материалдары Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин билдиришти.
Айбан десе,сержанттын бойрогун алып берсин эми.Ошол сержанта да тепкилеп жазага тартылсын намыссыз эркек собой.Алы бироонун жаш баласына жет
тиби?
Эже сизде дагы бала бар абайлап суйлонуз