Ак-Кочкор айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Амантур Токтоназаров көз жумду. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
«Амантур Токтоназаров 1926-жылы Ак-Кочкор айылында туулган. 1944-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылып, согушта Литва ССРинин Каунас шаарын жана Польшаны фашисттик баскынчылардан бошотууга катышкан. Согуш бүткөндөн кийин мекенине кайтып, айыл чарба тармагында эмгектенген. «Үлгү» колхозунда, андан соң Госспецхоздо айдоочу болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. 2017-жылы Москва шаарында болуп, Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган салтанатка катышкан»,- деп айтылат маалыматта.