Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.
- 2025-жылдын 5-майына карата Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери жашайт.
Алардын катарында: 1 согуштун майыбы, 13 согуштун катышуучусу, 7 концлагерлердин туткуну жана 11 Ленинград блокадасынын катышуучусу бар.
Президенттин “Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардамды төлөө жөнүндө” тескемесине ылайык, бардык ардагерлерге 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү. Жалпысынан 3,2 миллион сом суммадагы каражат төлөндү.