Бүгүн, 20-августта Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 17-августта Улуттук госпиталга санавиация кызматы аркылуу оор абалда түшкөн 1994-жылы туулган бейтапты дарылоо боюнча кеңешмеге катышты. Бейтап милициянын кайгуул башкармалыгынын кызматкери, кызмат өтөө учурунда унаа сүзүп кеткен.
Бейтаптын диагнозу: баш мээнин оор жаракатын, сол жактагы жоон сан сөөктүн майдаланып сынып кетишин жана башка татаал жаракаттарды камтыйт. Бүгүнкү күндө бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы оор деп бааланууда. Комада, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулуп, бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Министр Бейшеналиев дарылоо процессин жеке көзөмөлүнө алып, ошондой эле жабыркаган кызматкердин жакындары менен жолугуп, медициналык жардам толук көрсөтүлөрүн билдирди. Эртең бейтаптын абалынын жакшырышы менен мээнин MРТ диагностикасын жасоо жана андан аркы дарылоону коррекциялоо пландаштырылууда.