Ырчы Айгерим Расул кызы соцтармактагы баракчасында белгилүү актриса, режиссёр Ырыс Жоомартованы эскерди.
«Кыргыздын чыгаан кызы, жаркыраган жылдызы, кыргыз киносунун өнүгүшүнө опол тоодой салым кошкон белгилүү режиссёр, ажарлуу, таланттуу актриса, сүйүктүү жар, мээримдүү эне, күчтүү айым. Аттиң дүйнө. Кечээ бар, бүгүн жок. Ырыс аяш энем… Ажарлуу жүзү, бакыракай карагат сулуу көздөрү, шыңгыр күлкүсү менен ар дайым өзүнө тартып турчу эле.
Жан дүйнөсү бай, жүрөгү кенен, ачык-айрым, бала кыял, боорукер, берешен, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган бардык жакшы сапаттарга ээ, адамгерчилиги бийик, өзгөчө жан эле. Ар дайым энергияга бай, эч качан чарчабаган, дайыма иштин үстүндө жүргөн эмгекчил инсан болчу. Ушунчалык жашоону сүйчү. Бир дагы мүнөтүн текке кетиргиси келбейт эле. Мен аяш энемди көрүп ар дайым суктанып, үлгү алчумун. Акыркы 2 жыл оору менен күрөшүп келген. Арапада, ыйык жума күнү, орозо башталганда көз жумду. Аяш энеме Аллахым бейиштен орун берсин», — деп жазды ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram