Ырчы, аткаруучу, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти Рустам Сагыналиевдин каза болгонуна 1 жылдан ашты. Кырчындай 40 жашында өмүрдөн өткөн Сагыналиевдин артында элинин урматы, сыйы калды. Маркумдун бир туугандары Рустам Сагыналиевди эскерип, өмүрүнүн акыркы күндөрүн көздөрүнө жаш алуу менен оор үшкүрүнө айтып беришти.
«Уулу аябай куса болуп жүрдү. Рустамдын жакын кошунасы бар эле. Ага «атамды сагынып жатам» деп айтыптыр. Келсем эле кучактап ыйлады. Азыр жакшы болуп калды. Эки уулу тең ырдайт, улуусу гитара менен ырдап калат. Азыр ичиндеги кусалыгын, бугун гитара менен чыгарат«,- деди агасы.