12-сентябрда Чүйдүн Ак-Бешим айылында 2013-2023-жылы туулган балдарын өлтүрүүгө шектелип 34 жаштагы аял кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул үрөй учурган окуянын чоо-жайын билүү үчүн аталган айылга бардык. Келиндин жакындары ал тууралуу “Акыркы кезде көп сүйлөшпөй калган. Өзү намаз окуган, момун, эч ким менен урушпаган келин” дешти.
«Жоош келин болчу. Эч кандай ашыкча сөзү жок. Катары менен 4 баланы төрөдү. Акыркы күнү балдары менен эле болуп, үйүнөн чыкпай калган. Зыяны жок, намаз окуган, тыкан келин болчу. Үй-бүлөсүндөгү урушту деле уккан жокпуз. 6 айлык баласы бар. Чай ичип, катташып эле жүрдүк. Улуусу мурдагы жолдошунан ээрчитип келген кыз болчу. Ошол кыз көз жумду. Дагы бирөөсү басып калган уулу болчу. Эртең менен жолдошун жумушка жөнөтүп, балдары менен болчу. Кызы балдарды карашчу. Мектепке барчу кыз эмне үчүн ал күнү мектепке барбай калганын билбейбиз. Кызынын жансыз денесин Өзбекстанга атасы алып кетти»,- деди кошунасы.








