Вьетнамдын Нячанг шаарындагы ооруканага жаткырылган 1975-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жаранына зарыл болгон ыкчам жардамдын комплекстүү чаралары көрүлдү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жаранына Кханьхоа провинциясынын (Нячанг шаары) госпиталында квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүлдү. Азыркы учурда анын ден соолугунун абалы канааттандырарлык.
Кошумча колдоо көрсөтүү максатында жабырлануучунун жакын туугандары менен байланыш түзүлдү. Вьетнамдын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын жараны мекенине аман-эсен учуп кетти.