VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга мамлекет 336 миллион сом бөлдү. Бул оюндар Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Көрсөтүлгөн сумма демөөрчүлүк каражаттарды эсепке албаганда, оюндарды уюштурууга багытталган.
Бул жолу оюндардын спорттук бөлүгүнүн байге фонду 49 миллион сомду түзөт.
«Анын ичинен 5 миллион сом командалык оюн болгон көк-бөрү боюнча мелдештердин байге фондуна бөлүнөт. Ошондой эле ат чабыштардын байге фонду 1 миллион сомдон башталат», — деп белгиледи Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Казыбек Молдажиев.









