Бүгүн, 10-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиевге Бишкектеги «Ош базарынын» аймагында селсаяктар көбөйүп кеткенин айтканын эскертти.
«Сиз 10 күндө жумушту баштайбыз» деп айткансыз. Тескерисинче, жайнап кетти. Реабилитациялык борбор барбы?»,- деди депутат.
«Мен 10 күндүн ичинде жумуш башталарын айткам. Биз 10 күндөн кийин «Ош базарын» иретке келтирүү боюнча иш баштаганбыз. Азыркы учурда селсаяктарды «Ош базарынан» жоготуп жатабыз. Мэриядан атайын селсаяктарга деген борбор жок«,- деди Алиев.
«Силер селсаяк эмес, соодагерлер менен күрөшүп жатасыңар»,- деген депутат мэрия атайын борбор ачып, аларды «тарбиялоого» акча бөлүшү керектигин айтты.
Посмотреть эту публикацию в Instagram