Япониянын Осака шаарында өткөн “Экспо-2025” жарманкесинде кыргыз балын уурдаган деп шектелген 83 жаштагы карыя кармалды.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазганына караганда, 16-апрель күнү түштөн кийин кароолчу улгайган киши «А» залында коюлган бир банка кыргыз балын (баасы 6800 иен же 4200 сом) уурдап кетүүгө аракет кылганын аныктаган. Тергөө жүрүп жатат.