Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик Курултай өз ишин аяктады. Ал 20-21-декабрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышты жана суроолорго жооп берди.
Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 698 делегат, анын ичинде чет өлкөлөрдө жүргөн мигранттардан жана диний конфессиялардан өкүлдөр катышты.
Курултайдын жүрүшүндө 2000ден ашык жазуу жүзүндөгү сунуштар келип түшкөн жана 150 делегат трибунадан чыгып сүйлөдү.
Курултайда ата мекендик продукцияны экспорттоо, кайра иштетүү, азык-түлүк коопсуздугу жана минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча заводдорду куруу темалары көтөрүлдү. Делегаттар ошондой эле шаарларды өнүктүрүүгө каражат бөлүү жана чет өлкөдө жүргөн жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү, анын ичинде виза режимин жеңилдетүү боюнча сунуштар менен кайрылышты.
Президент Садыр Жапаров Курултайды жыйынтыктап жатып, делегаттардын суроолоруна жооп берди.
Аягында үчүнчү Элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынды.