Социалдык тармактарда автобустун айдоочусу окуучуга кыйкырып жаткан видеосу тарады. Анда айдоочу жүргүнчүнүн автобустун арткы эшигинен киргенине жана коомдук транспортто чипсы жегенине нааразы болгон.
Видеодо окуучу өз укугун коргоп, айдоочуга жооп кылып жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле соцтармак колдонуучулары да окуя боюнча эки жаатка бөлүнүшүүдө. Бир тарабы айдоочуну коргоп, «Туура кылган, автобус ашкана эмес» дешсе, айрымдары «Окуучуга акырын айтып койсо деле болмок» дешүүдө.
Посмотреть эту публикацию в Instagram