Ош шаарындагы адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Ош ШИИБге Ак-Тилек кичи районунун 1987-жылы туулган тургуну (аял киши) киши колдуу болгону тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция аялдын муунтулуп өлтүрүлгөнүн аныктаган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Жапалак айылынын 2006-жылы туулган тургуну кармалды.
Тергөө кызматынын маалыматына караганда, шектүү аялдын үйүнө уурулукка кирип, аялды муунтуп өлтүрүп, унаасын айдап кеткен. Шектүү мурда бул үйдөн батир алып жашап кеткендиги дагы маалым болгон. Учурда тергөө иштери уланууда, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.