Экскурсия ар жуманын ишемби күнү өткөрүлөт. Ал үчүн алгач электрондук түрдө https://yntymak-ordo.gov.kg/ сайты аркылуу жарандыгыңызды аныктаган паспорт менен катталуу керек. Белгиленген бөлүмдөрдү толтуруу шарт.
Административдик имарат менен таанышууга келген жарандардын кийген кийимдери коомдук жайларда жүрүүнүн жалпы ченемдерине жооп берүүсү зарыл. Экскурсия учурунда жарандар коомдук тартипти сактоого тийиш. Административдик имаратка бир жолу кирип таанышып чыккан жаранга экинчи жолу уруксат берилбейт. Санитардык-эпидемиологиялык кырдаал курчуган учурларда, мамлекеттик иш-чаралар өтүп жаткан учурларда экскурсия уюштуруу убактылуу токтотулат.
Экскурсия учурунда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) имаратка спирт ичимдиктерин, тамак-аш, суусундуктарды, балмуздак ж.б. алып кирүүгө;
2) имараттын ичине ок атуучу куралдарды, саючу-кесүүчү предметтерди, бат от алуучу баллондорду, ууландыруучу, жардыруучу жана зыяндуу заттарды, чоң көлөмдөгү баштык, рюкзак, чемодан ж.б. буюмдарды алып кирүүгө;
3) ролик, велосипед, скейтборд ж.б. пайдаланууга;
4) коомдук жалпы жүрүм-турум эрежелерин, кооопсуздук техникасын, ошондой эле экскурсия өткөрүүчүнүн талаптарын бузууга;
5) коштоп жүргөн жооптуу кызматкерсиз өз алдынча кызматтык бөлмөлөргө жана башка жайларга кирүүгө;
6) имараттын ичиндеги приборлорду, жабдууларды, жарык берүүчү жана башка техникалык системаларды өз алдынча өчүрүп-күйгүзүүгө.
Каралган эрежелерди бузган жаранга административдик имараттын ички тартибин көзөмөлдөөчү кызматкерлер тарабынан эскертүү берилет. Коомдук тартипти бузган жарандарга Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чара колдонулат.