Ысык-Ата районуна мектептерге алыстан каттап окуган окуучулар үчүн президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги тарабынан төрт кичи автобус бөлүп берилди. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Райондун тоолуу аймагы Ысык-Ата айыл өкмөтүнө эки кичи автобус, Узун-Кыр айыл өкмөтүнө жана Жээк айыл өкмөтүнө бирден кичи автобустар бөлүнүп, окуучуларды мектепке ташый баштады.