Бүгүн, 21-март күнү Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында Нооруз майрамы белгиленди.
Майрамдык иш чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, Каракол шаар жетекчилиги, Каракол шаары менен кызматташып келген Түркиянын Учкисар шаар жетекчилиги жана облустун тургундары катышышты.
Иш-чарада кыргыздын салт-санаасы театралдаштырып, меймандарга көрсөтүлдү. Андан сырткары улуттук тамак-аштын түрлөрү конокторго сунулду. Улуттук спорттун түрлөрү да ойнотулуп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Нооруз майрам концерттик иш-чара менен аяктады.
Кечээ, 9-февралда №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. «Кыргыз Республикасынын Президентин...
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алдыда боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитин эске алып, 2026-жылы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында...
Орозо 19-февралда башталып, ушул күнү ооз бекилет. Бул боюнча Өзбекстандын Самарканд шаарында ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңеши чечим кабыл...