Шейшемби, 03.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Ысык-Көлдө аял өспүрүм кызына карата ыдык көрсөтүү болгонун айтып чыкты. Милиция эмне дейт?

13:23 02.10.2025
0
Ысык-Көлдө аял өспүрүм кызына карата ыдык көрсөтүү болгонун айтып чыкты. Милиция эмне дейт?

Социалдык тармактын колдонуучусу 40 жаштагы таксист өспүрүм кызына ыдык көрсөткөнүн жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя 29-сентябрда саат 19:40 чамасында болгон. «Менин кызым Чок-Тал айылында окуйт. Биз Караколдо жашайбыз. Мага окуу тарбия иштери боюнча тарбиячы чалып, кызымдын ооруп калганын, өзүн жаман сезип жатканын айтып алып кетүүмдү суранган. Жолдошум бош эмес болгондуктан таксист болуп иштеген агама чалып, такси таап берүүнү сурандым. Таап берген таксист менен байланышып, кызымды лицейден алып кетти. Унаага дагы эки жүргүнчү алып, жолго чыгышыптыр. Саат 19:30да кызым чалып, шаарга киришкенин айтты. Таксист эки жүргүнчүнү түшүрүп, кызымды үйгө жеткирейин дептир. Ал кызымдын рюкзагын ачып, ичинен тамеки көргөнүн айтып, «кат, апаң көрүп калат» дептир. Ал тамеги чегерин да сураптыр. Кызым кээде колдонорун айтыптыр. «Тамеки чексең ичсең да керек» дептир. Андан соң буттарын кармалап, кызсыңбы деп сураптыр. Кызым коркуп кетип ыйлап баштаганда мурду канаптыр. Таксист коркуп кетип, кечирим сурап, шайтан азгырганын айтыптыр. «Эгер мамаңа айтсаң мен тамеки чегериңди айтам» деп коркутуптур. Саат 19:40та үйгө келди. Көзү жашылданган. Эмне болгонун сурасам жооп берген жок. Таксист актанып баштады. Кечки тамак ичип жатканда да ыйлады. Сурасам эч нерсе болгон жок деп койду. Мен ооруп жатканы үчүн көңүлү жок го деп ойлодум. Саат 23:30 чамасында мага келип, баарын айтып берди. Ал нес абалында эркекке окшоштурушсун деп чачын кыркып салыптыр», — деди ал.

Аял таксист жазасыз калат деп коркуп жатканын кошумчалаган. «Урматтуу айымдар, кыз-келиндер, куугунтук жана зордук-зомбулук тууралуу коркпой, ачык айткыла. Кээ бир акмактар ​​өзүн кармай албаганына сен күнөөлүү эмессиң. Ата-энелер, балдарыңыз менен сүйлөшүңүз, аларды ачык айтууга үйрөтүңүз, алардын колдоочусу болуңуз, ошондо бир нерсе болуп калса, алар сизге биринчи болуп айтышат», — деп жазды ал. 

Окуя боюнча Ысык-Кол ОИИБ маалымат берди. «30-сентябрда Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө 1987-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Арызда 29-сентябрда саат 16:40 чамасында 2009-жылы туулган кызы Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылынан Каракол шаарына такси аркылуу келе жаткан учурда, айдоочу тарабынан адепке жат жана ыплас мүнөздөгү суроолор берилип, тийишүү аракеттери болгонун көрсөткөн. Бул факты Каракол ШИИБге катталып, учурда тергөөгө чейинки текшерүү жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — дешти.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Даанасы 75 сомдон башталат. Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Даанасы 75 сомдон башталат. Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:43 02.03.2026
0

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ТюлпанЛенд компаниясы менен биргеликте жоогазын фестивалын баштады. Фестиваль 2-марттан 10-мартка...

Дубайдагы башкы консулдук жарылуу үндөрү боюнча: «Ракеталар Израилге багытталган. БАЭ бул ракеталардын бутасы болуп саналбайт»

Дубайдагы башкы консулдук жарылуу үндөрү боюнча: «Ракеталар Израилге багытталган. БАЭ бул ракеталардын бутасы болуп саналбайт»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:40 02.03.2026
0

Бириккен Араб Эмираттарынын расмий бийлигинин маалыматына ылайык, мезгил-мезгили менен угулуп жаткан жарылуу үндөрү абадан коргонуу системаларынын (ПВО) ишине байланыштуу. Бул...

Элчи Марипов: «Ар бир жараныбыздын коопсуздугун көзөмөлдөп, байланышта болуп жатабыз»

Элчи Марипов: «Ар бир жараныбыздын коопсуздугун көзөмөлдөп, байланышта болуп жатабыз»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:32 02.03.2026
0

"Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу элчилик күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын маалымдайм". Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышачылыгындагы атайын жана ыйгарым...

Баткенде чек араны тосуу иштери уланып жатат

Баткенде чек араны тосуу иштери уланып жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:26 02.03.2026
0

Бүгүн, 2-мартта Баткен районунун Ууч жерлигинде, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тосуу иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты....

Пакистанда өтүп жаткан митингдерге байланыштуу элчиликтин кайрылуусу

Пакистанда өтүп жаткан митингдерге байланыштуу элчиликтин кайрылуусу

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:52 02.03.2026
0

"Кыргыз Республикасынын жарандары, элчилик аймактагы кырдаалдын өнүгүшүн тыкыр көзөмөлдөп жатат. Учурда Пакистандын айрым аймактарында митингдер жана нааразылык акциялары өтүүдө. Афганистан...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
MUHAMET MALO мелдеши жыйынтыкталды: Кыргызстандын капчыгында 9 медаль

MUHAMET MALO мелдеши жыйынтыкталды: Кыргызстандын капчыгында 9 медаль

14:45 02.03.2026
Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

16:39 02.03.2026
Элчи Марипов: «Ар бир жараныбыздын коопсуздугун көзөмөлдөп, байланышта болуп жатабыз»

Элчи Марипов: "Ар бир жараныбыздын коопсуздугун көзөмөлдөп, байланышта болуп жатабыз"

15:32 02.03.2026
Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

1
Аймактагы согушка байланыштуу Жакынкы Чыгышта миңдеген каттамдар токтотулду

Аймактагы согушка байланыштуу Жакынкы Чыгышта миңдеген каттамдар токтотулду

11:17 03.03.2026
Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

09:48 03.03.2026
Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

16:39 02.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү