Ысык-Көлдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында концерт тынч жыйынтыкталды
1-сентябрда Ысык-Көл районундагы ат майданда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында концерттик программа уюштурулду. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
Иш-чара учурунда милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылышты. Маданий программа тынч жыйынтыкталды.