Кечээ, 18-декабрда саат 20:46да Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кең-Суу, Эчкили-Таш айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.