Социалдык тармактарда «Ысык-Көлдө картошка чирип жатат» деген видео жарыяланды. Анда дыйкан картошканын баасы Бишкекте 70 сом болуп жатса, Ысык-Көлдө чирип жатканын айтат.
Айыл чарба министрлиги картошкасын сата албай калган дыйкандардын арыз-муңуна жооп берди.
Министрлик картошка сатууга январь-февралда жакшы шарт түзүлүп, бирок аны айрымдар колдонбой койгонун билдирди. “Январда Казакстан менен Өзбекстан бизден картошка ала баштагандыктан баа өскөн. Орточо дүң баа 35-40 сом болуп турган. Ошондо Нарын менен Ысык-Көлдү кыдырып азыр сатып калгыла деп эскерткенбиз. Бишкектин ири базарларынан да орун берели, өзүңөр келип саткыла дегенбиз, бирок эч ким келбей койгон”, — деди министрлик.
Ведомство өлкөгө Иран менен Кытайдан картошка киргенин тастыктап, импортко тыюу салынса баа мындан да өсүп кетерин белгиледи. “Жакыр жашаган адамдар бар, азык-түлүктүн баасы жеткиликтүү болушу керек. Биздикилер бааны жасалма көтөрүп жиберишти, ошол кезде чек араны жаап салсак баа дагы өсүп кетмек”, — дешти министрликтен.
This is a modal window.