«Чолпон-Атада милиция кызматкери чөгүп бара жаткан кыздарды куткарып калды» деген видео тараган.
Ысык-Көл милициясы окуя боюнча маалымат берди. «1-июль күнү болжол менен саат 15:00 чамасында Чолпон-Ата шаарындагы шаардык пляжда милиция кызматкери үч кыздын өмүрүн сактап калды. Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери, милициянын старшинасы Сыймык Токтогул уулу кызмат учурунда эрдик көрсөткөн.