Ысык-Көлдө өлгөн ак куулардын ичинен балык уулоочу илмектер жана торлордун бөлүктөрү табылган
Социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан «Ысык-Көлдө ак куулар өлүп жатат» деген видео тараган." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ysyk-koldo-ak-kuular-olyp-jatat-degen-video-tarap-jatat/">тараган. Видеонун автору жазында канаттууларга жем берүү үчүн атайын жем салгычтарды жасап койсо жакшы болмок деген. Бул боюнча Жаратылыш ресурстары министрлиги маалымат берип, алардын өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.
Орнитолог ак кууларды тамак менен камсыздоо туура эмес экенин да белгиледи: «Биз аларга атайын тамак берип, шарт түзүп бере албайбыз. Аларга азык таштап берүү да туура эмес. Эң маанилүүсү – аларды коркутпоо керек, анткени адамдардан чочуп, тамак таба албай калышы мүмкүн».