Ысык-Көлдө 20 гектар буудай, беде аянтын сел суулары каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
8-августта Ысык-Көл районунда саат 8:40 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен, кокту-колоттордон келген сел суулары Сары-Камыш айылынын чыгыш тарабында 20 гектар буудай жана беде айдоо аянтын каптаган.
Мындан сырткары, Балыкчы–Ананьево–Каракол унаа жолунун 8-чакырымын каптап, жол каттамы жабылган эмес. Ошондой эле Сары-Камыш айылынын түндүк чыгыш тарабында жайгашкан бетон шакекче менен курулган 2 көпүрөнү ар жеринен жеп жана асма лотокторду кулатып кеткен.