Социалдык тармактарда унаа менен көлгө кирген жарандын видеосу тараган. ИИМдин Ысык-Көл облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочу табылганын билдирди.
«Субару-Форестер үлгүсүндөгү унаа табылып, анын айдоочусу Ысык-Көл районунун 2002-жылы туулган тургуну экени аныкталып, анын кыймыл аракетине Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, 15 миӊ сом өлчөмүндө айып пул салынып, унаасы айып короого токтотулду»,- деп айтылат маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram