Президент Садыр Жапаров кечээ, 8-июнда өлкөгө расмий сапар менен келген ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азулени кабыл алды.
Садыр Жапаров улуттук креативдүү индустрияны өнүктүрүүдө, биринчи кезекте Борбор Азияда технологияларды жана санариптик инновацияларды колдонуу боюнча аймактык демилгелердин алкагында ЮНЕСКОнун көмөгүнө үмүт артарын айтты. Өлкө башчысы акыркы ондогон жылдар бою Кыргызстан туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин чечүү үчүн эл аралык аренада тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыктарынын активдүү жактоочусу бойдон калгандыгын эскертип өттү.
Президент климаттын өзгөрүшү темасын талкуулап жатып, ЮНЕСКОнун башкы директору Адыгене жана Голубин мөңгүлөрүнө Кыргызстанда барууну пландап жатканын канааттануу менен белгиледи. Буга чейин Нью-Йорктогу жолугушууда Садыр Жапаров Одрэ Азулени Кыргызстанга келип, мөңгүлөрдүн аянты азайганын өз көзү менен көрүп кетүүгө чакырган. ЮНЕСКОнун башкы директору Садыр Жапаровго аталган мөңгүлөргө Кыргызстанга жасаган сапарынын алкагында жеке өзү баруу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, тоолуу өлкөлөрдүн климатын өзгөртүү маселелеринде кызматташууну кеңейтүүгө көңүл бурду.
Жолугушуунун соңунда Одрэ Азуле президентке манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун кол жазмасын материалдык эмес мурастар тизмесине киргизүү тууралуу сертификат тапшырды.