Abank_june
SerepTV Logo

Жанар Акаев Ош-Ноокат жолундагы көпүрөнү бүтүрүүгө бир ай берди

Жанар Акаев Ош-Ноокат жолундагы көпүрөнү бүтүрүүгө бир ай берди
 
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Мамыров көчөсүндө жүрүп жаткан жол куруу иштерин жеринен көрдү.

Калаа башчысы курулуштун темпи өтө жай жүрүп жатканын белгилеп, көпүрөнүн курулушун 10-августка чейин толук бүтүрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди. Ошондой эле жолдун курулушун тездетүү зарылдыгын айтты.

Бул жол шаардыктардын Баткен облусу жана Ноокат райондоруна каттоосу үчүн негизги жол болуп эсептелет. Курулуш иштери Транспорт министрлиги тарабынан жүргүзүлүүдө.