Бишкек шаарында күн сайын жалпы билим берүү уюмдары көзөмөлдөнөт. Зарыл болгон учурда санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору атайын буйрук чыгарат, андан кийин балдар карантинге жөнөтүлөт. Мындай билдирүүнү мэриядан таратышты.
Маалыматка ылайык, чечимдер жеринде кабыл алынып, тиешелүү кызматтардын өзгөчө көзөмөлүндө турат.
“Шаардык мэрия ата-энелерди кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, балдардын ден соолугуна көз салып турууга, ошондой эле курч респиратордук вирустук инфекциянын же сасык тумоонун белгилери бар балдарды мектепке жөнөтпөөгө чакырат”, — деп жазылат маалыматта.











