УКМК тарабынан жоюлган кримавторитет Камчы Көлбаев менен каржылык байланышта болгон «Аю Холдинг» компаниясынын мурдагы президенти О.Б.А. кармалды. Мындан тышкары, кармалган О.Б.А.нын Өзбекстандын кылмыштуу тобунун лидери, 2024-жылдын август айында Кыргызстандын аймагында издөө жарыяланган Салим Абдувалиев (Салим бойвачча) менен да байланышы аныкталып, ал Өзбекстанда бизнес жүргүзүүдө колдоо алуу максатында аны менен мамиле курган. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.
УКМК: Сокулукта милиция кызматкерлери пара менен кармалды
16-апрелде УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн...










