2-июнда өлкөдөгү банктардын биринин өкүлү Ленин РИИБге акча каражаттарын белгисиз адамдар мыйзамсыз чыгарып кеткендиги тууралуу арызы менен кайрылган. Натыйжада банкка жалпы суммасы 8 миллион 28 миң 289 сомдук материалдык зыян келтирилген.
Бул факты Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Т.Т. жана 1984-жылы туулган Б.М. аттуу шектүүлөр такталып, Тергөө кызматына жеткирилген. Шектүүлөр Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөө ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүүлөрдүн бири жогоруда аталган банктын кызматкери болуп, жеке кызыкчылыгын көздөп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы аныкталган. Ошондой эле, учурда алардын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталууда. Учурда тергөө иштери уланууда.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызмат адамдарынын акча каражаттарын талап кылуу жана...
16-апрелде УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн...
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө УКМК Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады....
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды....