Интернет булактарында «Баткен тургуну айылдын четиндеги сарайдан колу-буту байланып, асынган абалда табылды» деген материалга Баткен облустук милициясынан түзөтүү таратылды.
23-февралда Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын тургуну 40 жаштагы бир тууган иниси өзү жашаган үйүнөн 17-февралда чыгып кеткен бойдон жүргөн жери белгисиз экендигин билдирип, арыз менен кайрылган. Бул арыз катталып, дайынсыз жоголгон жарандын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иштери жүргүзүлгөн. Алынган ыкчам маалыматтардын негизинде ошол эле күнү саат 17:25 чамасында издөөдө жүргөн жаран өзүнүн үйүнө кошуна жайгашкан эч ким жашабаган короодо асынып алып каза болгондугу белгилүү болгон. Анын колу-буту байланган деген маалымат чындыкка дал келбейт.