Баткенде жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
5-декабрь күнү саат 21:00 чамасында Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүндө жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан Баткен районунун айылынын 46 жаштагы тургунун күмүш түстөгү Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Айдоочу жаракат алган жаранды унаасынын арткы орундугуна салып, айлампаны айланып, Раззаков көчөсү аркылуу белгисиз тарапка кетип калган.
6-декабрь күнү саат 09:30 чамасында жаракат алган жарандын жансыз денеси жол четинен табылган. Бул факты Баткен ОИИБге Ыкчам кырдаал борборунун видео байкоо камерасы аркылуу катталып, Баткен ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында күмүш түстөгү Мерседес-Бенц унаасы жана анын 26 жаштагы айдоочусу Баткен шаарындагы унаа тетиктерин саткан базардан табылып, кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.












